Депутаттар Аида Салянованын укугун коргоо керектигин айтышты
Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңеште депутаттар Аида Салянованын укугун коргоо керектигин айтышты.
Депутат Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" фракциясынын эл өкүлдөрү СИЗО-1ге барып, Аида Салянова менен жолугуп келишкенин айтты. "Аида Салянова менен жолуктук. Салянова бир тууган инисин өлтүрүүнү уюштурган баш кесер менен бирге СИЗО-1де отуруптур. Бул Саляновага болгон моралдык басым. Мыйзамдар боюнча, экс-прокурорду СИЗО-1ге камабайт. УКМКнын СИЗОсуна камаш керек эле", - деди Шыкмаматов.
Депутат Жанар Акаев Шыкмаматовдун сөзүн кубаттап, Салянованы үй камагына чыгаруу керектигин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

