"Аялың көрбөсө экен". Кайрат Нуртас менен Камшат Жолдубаеванын кол кармашып баскан видеосу талкууга алынды
Instagram социалдык тармагында казакстандык ырчылар Кайрат Нуртас менен Камшат Жолдубаева кол кармашып баскан видео тарап, кызуу талкууга алынды. Видеодон ырчылар жылмайып, түгөйлөрдөй кол кармашып басканын көрүүгө болот.
Күйөрмандар "сүйүктүү аялы бар туруп, жалгыз бой аялдын колун кармаганы эмнеси?" деп Кайраттын жубайы Жулдыз Абдукаримованы аяп, кабатыр болушууда.
"Жубайы бар эркектин колун кармаган уят эмеспи?", "Аялың көрбөсө экен", "Ой, мунун баары Жулдызга жакпайт го", " Уят, уялбайсыңарбы?", "Жулдыз кайда?", "Кайрат, сен үй-бүлөлүү адамсың!", "Бири-бириңерге жарашат экенсиңер" деп жазылган комментарийлерди кезиктирүүгө болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
0

Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга жол берилбейт! БАНга!