super.kg logo
  Саясат  

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга: "Кыргыз өлкөсүнө айыл-чарба, эт азыктарын экспорттоону сунуштайбыз"

 

Бүгүн, 12-июнда Кыргыз өлкөсүнө Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга расмий иш сапары менен келди. Бишкекте эки өлкө башчысынын расмий жолугушуусу өттү.

Халтмаагийн Баттулга өз сөзүндө Кыргыз өлкөсү менен тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирип жана колдоо күтөрүн баса белгиледи.

"Монголиянын экономикасы өсүп жатат. 2018-жылы экономиканын өсүшү 6,8 пайызды түздү. Бул көрсөткүч биздин мамлекеттин башка өлкөлөр менен кызматташтыгынан кабар берет. Биздин өлкө Кыргыз мамлекети менен 1992-жылы дипломатиялык кызматташтыгын баштап, ал ошондон бери уланып келүүдө. Буга чейин эки өлкөнүн депутаттары да тажрыйба алмашуу үчүн катташып келген.

Кыргыз өлкөсүндө Монголиянын элчилигинин ачылышына катышканыма абдан кубанычтамын. Эки өлкөнүн кызматташтыгы биз үчүн абдан маанилүү. Монголияда да Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги ачылат.

Бүгүнкү расмий иш сапарга Коопсуздук кызматынын катчысы да катышууда. Куралдуу күчтөр, тынчтыкты сактоо, аскердик багытта да кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр болот. Иш сапарынын алкагында бир катар меморандумдарга кол коюлду, кызматташканыңызга жана колдоо көрсөткөнүңүзгө ыраазымын.

Эки өлкө соода-экономикалык кызматты күчөтүшүбүз керек. Себеби соода көлөмү бүгүнкү күндө 1 миллион долларга да жетпейт экен. Аны өстүрүү жолдорун карап чыгуу керек. 2012-жылы регулярдык авиакаттамдарды да күчөтүү аракеттери болгон. Мен эки өлкөнүн ортосунда авто-темир жолдорду ачууну сунуштайм. Учурда чыгыш тарапка узундугу 3 миң чакырымды түзгөн темир жол куруу башталды. Тоо-кен өнөр жай тармагында көз каранды болбоо үчүн, айыл чарба, ветеринардык тармакта эт азыктарын экспорттоону да сунуштайбыз. Мындан сырткары, маданий иш-чараларды өнүктүрүүгө, көчмөндөр оюнун, тарыхый-маданий мурастарын сактап калууга кызыкдарбыз. Бул багытта сиздерге өлкө тараптан колдоо көрсөтөсүздөр деп ишенебиз.

Бул иштер ишке ашуусу үчүн жумушчу топ түзүүнү сунуштайм. ШКУнун отурумун ийгиликтүү өтүшүн каалайм", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: