super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Аба-десанттык аскер бөлүгүнүн 83 жылдыгы белгиленди

 
Аба-десанттык аскер бөлүгүнүн 83-жылдыгын белгилөө Бишкектеги Д.Асанов атындагы сейил бактан орун алды
Аба-десанттык аскер бөлүгүнүн ардагерлери майрамдын урматына 100 граммдан чөйчөк көтөрүштү
Иш-чаранын салтанаттуу ачылышы
Ан-2 учагы асманга көтөрүлүп 4 парашютчуну жерге таштады
Ан-2 учагы асманга көтөрүлүп 4 парашютчуну жерге таштады
Парашют менен секирген жоокерлер 5-6 мүнөттө жерге түшүп жатышты
Парашют менен секирген жоокерлер 5-6 мүнөттө жерге түшүп жатышты
Парашют менен секирген жоокерлер 5-6 мүнөттө жерге түшүп жатышты
Парашютчулардын дагы бири жерге "конду"
Кезектеги парашютчан жоокер жерге жакындап калды
Парашютчулардын дагы бири жерге "конду"
Парашютчулардын дагы бири жерге "конду"
Акыркы парашютчу асманда
Учактан акыркы болуп секирген парашютчу
Майрамдык иш-чарага улуу-кичүү дебей көпчүлүк келди
Аба-десанттык аскер бөлүгүнүн ардагерлери медаль менен сыйланышты
Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков да учурунда аба-десанттык бөлүктө кызмат өтөгөн.
Иш-чарада "Пантерра" атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн жоокерлеринин күжүрмөн даярдыгы көрсөтүлдү
Иш-чарада "Пантерра" атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн жоокерлеринин күжүрмөн даярдыгы көрсөтүлдү
Мышыктай шамдагай жоокерлердин өнөрү көпчүлүктү кайдыгер калтырбады

Бүгүн, 2-августта Бишкектеги Д.Асанов атындагы сейил бакта КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Аба-десанттык аскер бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 83 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чараны Десанттар союзунун башчысы, Улуттук Гвардиянын отставкадагы полковниги Табылды Аскарович ачып, бүгүнкү иш-чаранын максаты - Аба-десанттык аскер бөлүгүнүн 83 жылдыгын куттуктоо жана жаш муундарды патриоттук сезимге  тарбиялоо экенин айтты. Улуттук Гвардиянын командири, генерал-майор Асанбек Алымкожоев, убагында аба-десанттык аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков, Улуттук Гвардиянын алгачкы командири Абдыгул Чотбаев жана башкалар катышты. Иш-чарада Ан-2 учагы абага көтүрүлүп, андан 4 аскер парашют менен секиришти. Аба-десанттык аскер бөлүгүнүн ардагерлерине ардак медалдарды тапшыруу аземи болду. Иш-чара “Пантера” атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн жоокерлеринин күжүрмөн даярдыгын көрүү менен аяктады.        






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: