Депутат айыл жергесиндегилер насыяга үй алууда кирешелерин көрсөтүшү кыйын болуп каларын айтты
Депутат Марлен Маматалиев айыл жергесиндегилер насыяга үй алууда кирешелерин көрсөтүшү кыйын экенин айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 12-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал айыл тургундары үчүн башка шарттарды караштырууну сунуш кылды. “Банктык аманаттарды коргоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Талкууда депутат Акылбек Жапаров элдин аманатка үй курабыз деп банктарда сактаган каражаттарына кепилдик берүү боюнча түзөтүүлөр киргизилип жаткандыгын чечмеледи. Анын айтымында, Германия сындуу өнүккөн өлкөлөрдүн бул багыттагы тажрыйбалары иликтенген. Ал эми депутат Айнура Осмонова жөнөкөй жарандарды үй менен камсыздоо боюнча иштер күчөтүлүшү керектигин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
2:04
2025-07-23

1:34
2025-07-23

1:15
2025-07-23

0:33
2025-07-23

22:06
2025-07-22
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.