super.kg logo

Өкмөт: "Сейрек кездешүүчү оорулардан жабыркаган адамдарга дарылардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу чаралары иштелип чыкты"

 

Өкмөт алгачкы ирет сейрек кездешүүчү оорулардан жабыркаган адамдарга дарылардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу чараларын иштеп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көптөгөн сейрек кездешүүчү оорулар генетикалык болуп саналат. "Сейрек кездешүүчү оорулардын басымдуу бөлүгү бала кезде пайда болот. Сейрек кездешүүчү дартка чалдыккандардын 30 пайызга жакыны 5 жылга чейин жетпей калышат. Мындан тышкары сейрек кездешүүчү катары эсептөө үчүн оорунун популяцияда жайылышынын кандайдыр бир бирдиктүү деңгээли жок. Оору дүйнөнүн кайсы бир бөлүгүндө же адамдардын тобунда сейрек кездешет. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Орфандык оорулар тизмесин иштеп чыгуу жана кароо боюнча эксперттик топ түзүлгөн. Анда Орфандык оорулардын тизмесине киргизүүнүн башкы критерийи 100 миң адамга 10 учурдун жайылышы эсептелет. Оорулардын тизмесин түзүү орфандык дарылардын тизмесин аныктоо үчүн зарыл", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: