Депутат: "Бишкек, Оштун мэрлери таштандыларды кайра иштетүүчү жайларды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтышат, бирок жыйынтык жок"
Жыл сайын Бишкек жана Оштун мэрлери таштандыларды кайра иштетүүчү жайларды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтышат, бирок жыйынтык жок. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.
"Аталган эки борбордо тең таштандыларды кайра иштетүүчү жайлар жок. Жыл сайын жаз мезгилинде Бишкек жана Оштун мэрлери таштандыларды кайра иштетүүчү жайлар боюнча “ишканаларды ачуу аракеттерин көрүп жатабыз, сүйлөшүп жатабыз” деп айтышат. Анан эле иш токтоп калат. Бул нерсе ар түрдүү ооруларга, эпидемияга алып келиши мүмкүн. Маселени чечүү керек", - деди депутат.
Мындан сырткары депутат борбордогу Бөкөнбаев көчөсүндө бир эле аялдама бар экенин айтты.
"Бул көчөдө бир эле аялдама бар. Улгайган адамдар коомдук транспортко түшүү үчүн ал жерге барышы керек. Маршруттук таксилер токтобой кетип калат. Токтосо айып пулга жыгылат экен. Бул маселени чечүү керек", - деп айтты.



