super.kg logo
  Саясат  

Депутат Анвар Артыков: "Эл өкүлдөрү тарабынан Атамбаевге карата айтылган сөздөрдүн биринин дагы далили жок"

 

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңеште депутат Анвар Артыков эл өкүлдөрүнүн экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата айткан сындары боюнча пикирин айтты.

"Кечээ жыйындан кийин мага өзүм сыйлаган аттуу-баштуу бир топ адамдар чалып катуу сөздөрдү айтты. Ал сөздөрдү жумшартып, аны сиздерге жеткиргенге аракет кылайын. Биринчиден, Алмазбек Атамбаев экс-президент катары тарыхта калды. Кечээ айтылган сөздөрдүн биринин дагы далили жок. Далил болсо алып келгиле. Мага чалган адамдар "андан өч алуу аракетин кылып жатасыңар" дешти.

Бул нерсе да өтөт, баарын убакыт таразалайт. Алмазбек Атамбаев 6 жыл президент болуп иштеди, эң негизгиси саясий туруктуулук болду. Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында биринчи жолу узак мөөнөткө туруктуулук, өсүш болду. Айрыкча түштүк жери газ, электр жарыгы көйгөйүнөн кутулду, бул чындык. Иштебеген адам адашпайт. Атамбаев деле кадр маселесинде ката кылганын, жаңылышканын моюнуна алган. Коррупция бардык жерде бар, уурдаган болсо аны кармап отургузуу керек. Бирок баарын чогултуп келип "сен жооп бересиң" деп Атамбаевди күнөөлөп коюу туура эмес. Мен аксакал катары айтарым, далил болсо келгиле, кийин уят болуп каласыңар, токтоткула", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: