Президент Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземи өттү
Бүгүн, 13-июнда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргыз өлкөсүнө мамлекеттик иш сапары менен келген Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чет элдик мамлекет башчыларынын жана делегацияларынын салтанаттуу жолугушуусун өткөрүү үчүн "Ак-Кеме" салтанат жайында Кыргыз өлкөсүнүн жана Кытайдын мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароол тизилген.
Сооронбай Жээнбеков жана Си Цзиньпин ардактуу кароолду кыдырып чыгышты жана расмий делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды. Ошондой эле эки мамлекет башчыларынын астында ардактуу кароол ротасынын салтанаттуу жүрүшү өттү.
Андан ары Кыргыз мамлекетинин президенти жана Кытайдын төрагасы кеңири курамдагы жолугушууга багыт алышты. Мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары карай тереңдетүүгө багытталган эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.




