super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков: "Тайвань Кытай территориясынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат"

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Тайвань маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын тастыктады. Бул тууралуу президент бүгүн, 13-июнда Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугушканда билдирди.

"Тайвань Кытай территориясынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ал эми Кытай өкмөтү - бүтүндөй Кытайдын атынан сүйлөгөн жалгыз мыйзамдуу өкмөт", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы терроризм, экстремизм жана сепаратизм менен күрөшүү маселелери боюнча Кыргыз мамлекети Кытай менен бирдиктүү позицияны карманарын кошумчалады.

"Дүйнөлүк жана регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелери салт катары Кыргыз өлкөсүнүн жана Кытайдын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири бойдон калат. Коргонуу жана коопсуздук чөйрөсүндөгү маселелер боюнча биздин бирдиктүү көз карашыбыз мамлекеттерибиз ортосундагы өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү жана активдештирүү үчүн бекем негиз түзөт деп эсептейм", - деди Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: