Муфтият битир-садага катары чогулган 1 миллион 725 миң сомду муктаждарга таратты













Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгы быйылкы Орозо айында чогултулган битир-садаганын эсебинен 1 миллион 725 миң сомду жардамга муктаж жарандарга таратууну баштады. Чогултулган каражат жыл сайын Орозо айында арыз жазган, жардамга муктаж жарандарга таратылып келет. Быйыл битир-садагага арыз менен 575 жаран кайрылган.
Тизмеге кирген жарандарга 3 миң сомдон таратылып жатат деп билдирди Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү Алимбай Эргешов.
"Битир-садага алууга жарандар өздөрүнүн муктаждыктарын көрсөтүп кайрылышкан. Жетим-жесир болсо ата-энесинин жоктугун, жубайы же күйөөсү каза болсо аны тастыктаган, оорулуу болсо оорулуу экенин тастыктаган документинин көчүрмөсү менен кайрылып, арыз беришет. Быйыл Бишкек шаарынан 575 жаран кайрылган. Алардын арызын карап чыгып, баарына бирдей болсун деп 3 миң сомдон таратып жатабыз. Битир-садага толугу менен топтолуп бүтө элек, муктаж болгондор качан бересиңер дегенинен таратууну баштадык", - деди Эргешов.
Муфтият битир-садаганы таратууну баштады (2019-жыл)




1 |