646 киши Кыргызстандын жарандыгын алса, 184 адам баш тартты
Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгуу тууралуу жарлыкка кол койду. Өлкө башчысынын 3 жарлыгы 646 кишини Кыргызстандын жарандыгына кабыл алууга байланыштуу. Алардын 29у жаш балдар. Кыргызстандын жараны болууну каалагандар Өзбекстанда, Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздар. Ал эми Кыргызстандын жарандыгынан 184 киши баш тартса, 28и балдар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

Рейтинг:
2

