super.kg logo

СИЗО-1де Аида Салянова менен бир камерада отурган кош бойлуу келиндин даттануусу боюнча Жогорку Сот маалымат таратты

 

Жогорку Сот Акыйкатчы институтунун Бишкектеги СИЗО-1де боюнда бар аял эски телефонду уурдаганы үчүн белгиленген мөөнөттөн ашыкча отурат деген маалымат боюнча билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, Свердлов райондук соту 2018-жылдын 11-октябрында мурда соттолгон Б.С.нын ишин карап чыккан. 15-октябрда сот шектүүнү үй камагына чыгарган. Бирок ал сотто келтирилген өтүнүчтөрдү аткарбай, жашаган жерин өзгөртүп, дайынсыз жок болуп кеткен.

Ал эми 10-декабрда райондук прокуратуранын өтүнүчү менен шектүүнүн баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ага карата издөө салынган. 2019-жылдын 7-июнунда иш Свердлов райондук сотуна түшүп, каралып баштаган. Соттук уктуруу 24-июнга белгиленди.

Ошондой эле шектүү аял азыркы учурда Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча 26-июнга чейин камакка алынган мурдагы башкы прокурор Аида Салянова менен бир камерада отурганын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тастыктады.

Окуянын чоо-жайы:

12-июнда акыйкатчы Токон Мамытов СИЗО-1ге барган учурда Б.С. аттуу аял менен маектешкен. Ал буга чейин акыйкатчыга арыз менен кайрылып, Свердлов РИИБинин тергөөчүсү менен райондук соттун судьясынын аракеттерине даттанган. Арыз ээси эски телефонду алганы үчүн кармалган. Ал телефонду өз ээсине кайтарып берип, жабырлануучу тил кат да жазып берген. Ошондой эле арыз ээсинин 1 жаш 2 айлык баласы жана 3 айлык боюнда болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
14.06.2019. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
ХХХХХХХХ эски тел-н уурдаган жаранга издоо жарыяласа биздин соттор олуп эле кеткиле ХХХХХХ!!!
Шадиев радиоктивный комур алып келип, ал аз келгенсин миллиондорду уурдаса дагы издоо жарыяланган жокко?!!!
Бечара аял бир адамдын эски тел-нун уурдаптыр, Шадиев болсо Кыргыз элинин ырыскысын уурдагада!!! Эми калыстык кайда???
Модератор admin_media түзөттү 2019-06-14 09:48:15
14.06.2019. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
tular, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! БАНга!
14.06.2019. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бугунку соттор Асылбек Жээнбековтун буйругун аткарып жатышат. Жээнбековтун убагында эч адилеттуулук болбойт. Акыйкатсыз соттор жана калпычы Жээнбековтор менен жашообуз онолбойт.
14.06.2019. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Буларды бир нерсе кылыш керек, болбосо мындай жашоо болбойт.
14.06.2019. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаш баласы бар аялдын таянаар эч кимиси жок го дейм ээ? Эски телефон учун каматкан адамга да прокурор, сотторуна да соз жок! Адилеттуулук жок биздин олкодо, ким акчалуу болсо ошого карата иштейт мыйзам.
14.06.2019. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жээнбековтордун куүгунтуктоо саясаты копко жашабайт. Жээнбековтор калпычы экен. Соттордун баарын бир тууган иниси экоо ээлеп алып, саясатын жургузуп жатат. Жээнбеков татыксыз президент.
Модератор admin_media түзөттү 2019-06-15 09:51:11
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: