super.kg logo
  Саясат  

Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын комиссиянын курамына 12 депутат кирди (тизме)

 

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын комиссия түзүлдү. Жыйындын жүрүшүндө комиссиянын курамы бекитилди.

Ага ылайык, комиссиянын курамына:

"КСДП" фракциясынан - депутаттар Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев;

"Республика - Ата Журт" фракциясынан - депутаттар Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов;

"Кыргызстан" фракциясынан - депутаттар Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов;

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан - депутат Алтынбек Жунус уулу;

"Бир Бол" фракциясынан - депутат Бактыбек Турусбеков;

"Ата Мекен" фракциясынан - депутат Каныбек Иманалиев.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрагасы Канат Керезбеков комиссиянын иштөө мөөнөтү 7 күнгө белгиленгенин айтты.

Депутат Евгения Строкова бул сунуш боюнча "каршы" добуш берген депутаттардан комиссияга мүчө кылып кошуу керектигин айтты.

"Комиссиянын чечими акыйкаттуу жана таза болуусу үчүн бул сунушка "каршы" добуш берген депутаттардын бирөөсүн кошуу керек. Мисалы, биздин аксакал депутат Анвар Артыковду сунуштайт элем", - деди Строкова.

"Комиссияга мүчө болууга фракциялар сунуштаган депутаттар бекитилди", - деп жооп кайтарды төрага Жумабеков.

Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушту 96 депутат колдоп, 4 депутат "каршы" деген добуш берген. Жыйынга жалпы 105 депутат катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: