super.kg logo

"Жерүйдө" алтын чыгаруучу ишкана курулууда

 

Талас облусунда жайгашкан “Жерүй” алтын кенинде дүйнөлүк стандарттарга жооп берген жаңы алтын иштетүүчү ишкана курулууда. Аны “Альянс Алтын” компаниясы ишке ашырууда. Жылдын соңунда ишке кире турган ишканага жалпысынан миңге жакын жумушчу тартылат. “Анын көпчүлүк бөлүгү жергиликтүү тургундар болот” дейт компаниянын башкы директору Михаил Шубин.

"Ишканада заттарды иргөөчү, майдалоочу, металл эритүүчү жана башка 15тен ашуун объект курулууда. Андагы жабдыктар жана курулуш иштерине тартылган техника заманбап, кымбат жана өз тармагында бардык талаптарга жооп берерин баса белгилей кетейин. Ал эми калдыктардан зыяндуу заттар абага, жерге же сууга бөлүнүп чыкпашы үчүн бардык сактык чаралары каралган. Мисалы, цианид заты атайын жабдыктар жана ыкма менен зыянсыздандырылат. Дегеле, бул зат Күн нурунун алдында өзүнөн өзү чирип кетет да, жер коопсуз аймакка айланат".

Кенден чыккан калдыктар атайын плеёнка менен жабылат. Калдык сактоочу жайдагы коопсуздук боюнча “Альянс Алтын” компаниясынын технологу Нурлан Мамырбаев айтып берди.

"Кендин калдык сактоочу жайынын жалпы аянты - 65 гектар. Биз үчүн эң башкы нерсе – бул экологиянын коопсуздугу болгондуктан компания өндүрүштүк коопсуздук үчүн каражат аябайт. Жерди зыяндуу заттардан коргоо үчүн геомембрана пайдаланылат. Ал жерге 3 кабат төшөлүп, тапталат да, жерге эч кандай зат өткөрбөйт. Австриялык-германиялык өндүрүмү болгон бул плеёнка дүйнөлүк стандарттарга туура келет", - дейт технолог.

Чүй экологиялык лабораториясы ар квартал сайын “Жерүй” алтын кенинин аймагындагы суу, аба жана жердин абалына жеринен мониторинг жүргүзүп турат. Кезектеги мониторинг жүргүзүү убагында лабораториянын инженер-химиги Елена Журавлёвадан текшерүү, изилдөөлөр тууралуу комментарий алдык.

"Компания менен түзүлгөн келишим боюнча биздин лаборатория бул аймактагы суу, жер жана абанын үлгүлөрүн зыяндуу бактерияларга, оор металлдарга жана радиациянын деңгээлин аныктоо үчүн алып турат. Үлгүлөр “Жерүй” кенине жакын жайгашкан Кара-Ой, Сасык-Булак, Ак-Коргон айылдарынан алынат. Акыркы 12 жылдан бери Талас облусунун аймагындагы кендерде экологиялык бузуулар катталган эмес”, - дейт Журавлёва.


кошулду





“Жерүйдө” алтын чыгаруучу ишкана курулууда

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
16.06.2019. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эдди болуп жарып саясат кылып жатасынар?
16.06.2019. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер.кж акыркы кундору кызыксыз болуп баратасынар, бир эле нерсени кайра кайра чыгарып. Изденип арекет кылып иштесенер боло. Силерди бироо сындап койсо эле банга айдап, же ком.н очуруп салып дегендей. Эл менен супер.кж болуп журосунор. Сынды туура кабыл аласынар деп ойлойм!
Adi010891 түзөттү 2019-06-16 23:32:21
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: