super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште коомдук угууга келген катышуучулар жыйынга 2 эле депутат келгенине нааразы болушту

 

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңеште "Кесиптик бирликтер жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу болмок. Коомдук угууга келген катышуучулар башка депутаттардын келбей койгонуна нааразы болушту.

"Биз даярданып келгенбиз, өкмөттүн өкүлдөрү да келди, ал эми эки депутаттан башкалары катышкан жок. Регламент боюнча эки депутат менен эле коомдук угуу өтө береби? Андай болсо башка күнгө жылдырууну өтүнөбүз", - деди коомдук талкуунун катышуучусу.

Буга депутат Алмазбек Токторов: "Сиздерге мүмкүнчүлүк берилип жатат, аны колдонгула. ШКУ саммитине байланыштуу депутаттар келе алган жок. Башка күнү болуп калабы, болбой калабы так айта албайм, мүмкүнчүлүктү коё бербегиле. Бүгүн дайындалган соң өткөрө берели. Жыйында депутат Гүлшат Асылбаева отурат, ал бардык суроолорго жооп берет", - деди.

"Көйгөйлүү маселебизди 2 депутаттын укканы туура эмес. Коомдук угууга келген Гүлшат Кадыровна менен буга чейин жолукканбыз, бирок маселе чечилген эмес. Башка күнгө жылдырып бериңиздер", - деди дагы бир катышуучу.

"Түз эфир болуп жатат, мүмкүнчүлүктү коё бербегиле", - деди Токторов. Жыйынтыгында коомдук угуу башка күнгө жылдырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: