super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков: "Тар курамдагы жыйында эл аралык күн тартипте турган маселелер талкууланды"

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын тар курамдагы жыйынында эл аралык күн тартипте турган маселелер талкууланганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-июнда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңейтилген чөйрөдөгү жыйынында билдирди.

Анын айтымында, тар курамдагы жыйында бир катар маанилүү маселелер тууралуу сөз болду. "Жыйында эл аралык күн тартипте турган маселелер талкууланды. Буга чейин өткөн жыйындарда макулдашуулардын иш жүзүнө кантип ашып жатканы боюнча сүйлөштү", - деди Жээнбеков.

Аталган уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын тар курамдагы жыйынына Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Пакистандын премьер-министри Имран Хан, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: