Кытайдын төрагасы: "Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер арасында жаштардын байланышын күчөтүү зарыл"
“Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер арасында жаштардын байланышын күчөтүү зарыл” деп бүгүн, 14-июнда аталган уюмдун саммитинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин билдирди.
Ал айыл чарба жана медицина, соода-сатык тармактарында кызматташууну күчөтүүү керектигин белгиледи. “Ачык жана толеранттуулук менен иштешүү шарт. Шанхай кызматташтык уюму ар бир мүчө мамлекет өзүнө пайда көрө ала тургандай кызматташтыктын үлгүсү болууга умтулат”, - деди ал.
ШКУнун кеңейтилген курамдагы жыйынына Кыргыз мамлекетинин, Орусиянын, Казакстандын, Кытайдын, Өзбекстандын, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын, Индиянын премьер-министрлери катышууда. ШКУга байкоочу болуп Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголиянын башчылары катышып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

