super.kg logo
  Саясат  

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде Кыргыз-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу тууралуу сөз болду

 

"Биз Кыргыз-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорду тезинен ишке ашырууну кубаттайбыз" деп бүгүн, 14-июнда Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

"Мамлекеттер аралык транспорттук-логистикалык байланыштарды мындан ары тереңдетүү маанилүү. Темир жолун куруу боюнча долбоорду тезинен ишке ашырууну колдойбуз. ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү, анын ичинде улуттук валюталар менен эсеп-кысап жүргүзүү боюнча кеңешүүлөрдү улантуу сунушталууда. Уюмдун экономикалык мазмунун өнүктүрүүдө чоң ролду эл аралык ишкерлик кеңеши жана банктар аралык бирикме ойноп жатат. Биз өлкөлөрүбүздүн ишкерлеринин иштиктүү кызматташтыгын тереңдетүү боюнча практикалык чараларды көрүшүбүз керек. Агрардык тармактарды өнүктүрүү, экологиялык таза айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү, жашыл экономика – биздин биргелешкен ишмердиктин артыкчылыктуу багыттары болуп саналат", - дейт ал.

ШКУнун кеңейтилген курамдагы жыйынына Кыргыз мамлекетинин, Орусиянын, Казакстандын, Кытайдын, Өзбекстандын, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын, Индиянын премьер-министрлери катышууда. ШКУга байкоочу болуп Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголиянын башчылары катышып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: