super.kg logo

"Мас болгонум чын, тапанчам оюнчук болчу". "Тескөөчүмүн" деп курал көрсөтүп, мас абалында унаа башкарган жаран милицияга өзү келди

 

Мас абалында унаа айдап, ок атуучу куралын көрсөтүп, укук коргоо кызматында иштейм деген видеосу тараган адам милицияга өзү келди. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жалпыга маалымдоо каражаттарына видеодогу адамды милиция издеп жатат деген кабар жарыялангандан кийин бүгүн, 14-июнда саат 15:30да Ж.Т. аттуу жаран милицияга өзү барып, видеодогу окуяны түшүндүрүп берген. Улуттук гвардияга таандык күбөлүктү жана ок атуучу куралын көрсөткөн жаран 1991-жылы туулган.

"Видеодогу адам менмин. 13-июнь күнү кечки саат 22:00 чамасында Аламүдүн районундагы Ала-Арча суу сактагычынын жанына мас абалда унаа айдап барганым чын. Ошол жерден мага 4 киши жана 1 аял ар кайсы суроолорду берип асылышты. Коркконуман жанымдагы аскердик кызматтын күбөлүгүн жана оюнчук тапанчаны көрсөтүп, "тескөөчүсүңбү?" деген суроосуна "ооба" деп жооп берип койгом. Эч качан ички иштер боюнча кызматтарда иштеген эмесмин, ошол маалда милиция кызматкеримин деп айтып коюуга туура келди. Бул үчүн кечирим сурайм", - деп түшүндүргөн Ж.Т.

Ал эми Ж.Т. Улуттук Гвардияда аскер кызматын 2016-2017-жылдары өтөп, бирок кызматтык күбөлүгүн өткөрүп бербей койгонун түшүндүргөн. Күбөлүктүн жарамдуулугу эски дата менен болгон. Учурда бул факты боюнча тийиштүү иштер аткарылууда деп кошумчалады басма сөз кызматы.

Бүгүн интернеттеги социалдык тармактарга өзүн Абдырахманов деп тааныштырып, Тынчтыкбек Жеңишбек уулу аттуу адамга таандык күбөлүгүн көрсөтүп, мас абалында унаа айдап, колундагы белгисиз маркадагы куралы менен жарандарды коркуткан адамдын видеосу тараган. Кийинчерээк Улуттук Гвардия жана Бишкек ШИИББи мындай кызматкер аталган мекемелерде иштебей тургандыгын кабарлашкан.






Рулда отурган мас кызматкер жөнөкөй жаранды тапанча менен коркутту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.06.2019. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
озу келсе тузук экен
14.06.2019. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уят да, оюнчук тапанчан менен эмне кылып журдун эле.
19.06.2019. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде Кыргызстанда бобогон нерсенин өзү жок. Буга жакшылап үйрөтүп анан чыгарды да. Ушинтип акчанын күчү менен чыгып кетет. Кыжалат болбо брат адам өлтүргөндөр чыгып атышпайбы. Бир гана акчаң болсо болду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: