super.kg logo

Elite House курулуш компаниясы: "Италия кварталынан" батир сатып алуу үчүн 7 себеп

 

Сиз батир сатып алуу жөнүндө ойлонуп жатасызбы? “Италия кварталы” турак жай комплексин тандоо үчүн 7 себеп бар

1. Ыңгайлуу жерде жайгашкан

“Италия кварталы” турак жай комплекси шаардын жогорку бөлүгүндө экологиялык таза райондо жайгашкан. Жакын жерде “Асанбай” паркы жана коомдук транспорттун аялдамасы бар.

2. Кызыктуу архитектура

Турак жай комплекстин курулуш долбоорун италиялык архитектор Жузеппе Вентури иштеп чыккан, андыктан комплекстин архитектуралык концепциясында италиялык стиль камтылып, ал имараттын сырткы жана ички жасалгаларында, бакча-паркынын ландшафттык дизайнында ишке ашырылууда.

3. Сапаттуу материалдар

Турак жай комплекстин курулуш технологиясы бардык курулуш ченемдер жана эрежелер менен курулууда. Курулуштардын каркасы монолиттүү темир бетондон, дубалдары бышкан кирпичтен тургузулган. Андыктан үйлөр көпкө чыдамдуу, кышында жылуулукту сактап, жайкы мезгилде салкын болот. Батирлерде алюминий менен жасалгаланган үн өткөрбөй турган терезелер орнотулууда.

Эң негизгиси, курулуштардын сапатын көз карандысыз TÜV SÜD немис компаниясы көзөмөлдөйт.

4. Аймагы кооз көрктөндүрүлгөн

Турак жай комплексте өзүнүн жеке террасасы менен батирлер бар. Комплекстин эс алуу зонасында уникалдуу ландшафттык дизайны түзүлүүдө. Эс алуу аймагында тарыхый-архитектуралык эстеликтер, фонтан, беседка, жемиш бакча, заманбап балдар аянтчасы, спорт зонасы, чуркоо жолу жана веложолу, кичи футбол аянтчасы каралган. Ошондой эле китеп сүйүүчүлөрү үчүн бук-кроссингдер (китепкана) түзүлүүдө.

5. Ишенимдүү коопсуздук системасы

“Италия кварталындагы” батирлер “акылдуу үй” элементтери менен жабдылат. Бул жалпы периметр боюнча күнү-түнү жүргүзүлүүчү видеокөзөмөл, тепкичтердин аянтчасында, курулуштун жана короонун фасадында автоматтык түнкү жарык, ошондой эле дарбазалары пульт менен башкарылат жана башка коопсуздук системалары каралган.

6. Өзүнүн унаа токтотуучу жайы

Айдоочулар үйдүн жанындагы жеке унаа токтотуучу жайга баа беришет. Сизге унаа менен келген коноктор районду айланып жүрбөй, унаа токтотуучу жайды оңой табышат. Паркинг 60 унаага пландалган.

7. Төлөмдөр

Батир сатып алууда төлөмдөрдүн ийкемдүү шарттары каралган. Ошондой эле бартер аркылуу жүргүзүлүүчү альтернативдүү мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы, жаңы батирди унаага же кыймылсыз мүлккө алмаша аласыз.

Белгилей кетсек, келишим түзүлгөн убакыттан баштап сиз менен компаниянын Сервис кызматы тыгыз иш алып барып, сиздин бардык суроолоруңузга жооп берет.

Өзүңүздүн үйүңүз – бул өзүңүзгө кылган белектердин эң мыктысы. Анткени бул башпаанек, коопсуздук, комфорт жана келечекке салым.

Байланышыңыз: (0 555) 555 555. Кардарларга кам көрүү жана сервис кызматы: 0222 222222.

Сиздин батириңиз сизди күтүп жатат! www.elitehouse.kg

Elite House – коопсуз, престиждүү, ыңгайлуу!


кошулду





Elite House курулуш компаниясы: «Италия кварталынан» батир сатып алуу үчүн 7 себеп

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.06.2019. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Саламатсыздарбы мен ушул жерден жеке кайрылуу менен Тимур Файзиев байкеге кайрылып кетейин. Мен Иманалиев Нурбек 2010.жылы 5-чи этаждан тушуп кетип ден-соолугумдан ажырагам белим жамбашым буттарым сынган. Азыркы кезде 1-чи топтогу майыпмын. Уйлонгом келинчегим экообуз шаарда батирде турабыз. Турак жай маселесинде президент министир депуттарга кайрыла берип тажадым биринен да жооп жок. Сизден суранайын дегеним бизге турак жай (квартира) маселесинде жардам беринизчи сураныч.
18.06.2019. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
0559006686
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: