Бишкекте скутер менен жеңил автоунаа сүзүштү
Бүгүн, 15-июнда Бишкек шаарында скутер менен жеңил автоунаа сүзүштү. Бул тууралуу шаардык Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы саат 10:30 чамасында Айтматов проспектиси менен Айни көчөсүнүн кесилишинде болду. "Субару Форестер үлгүсүндөгү унаасынын 31 жаштагы П.Д. аттуу айдоочусу Айни көчөсү менен батышты көздөй келе жатып, Айтматов кең көчөсүнөн скутер менен сүзүштү. Скутердин айдоочусу жана жүргүнчүсү "Тез жардам" кызматы менен оорукана жеткирилди", - деп билдирди Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.