super.kg logo

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө долбоор коомдук талкууга коюлду

 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги "Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган документ аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалды жеңүү боюнча активдүү аракеттерге өбөлгөлөө жана алардын эмгек потенциалын ишке ашырууга аракеттешүү максатында иштелип чыккан. "Чечим долбоорунда социалдык келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө убактылуу жобону бекитүү каралган. Ал Кыргыз Республикасынын аймагында 2019-жылдын 1-августунан 2022-жылдын 31-декабрына чейин иштейт. Убактылуу жобону ишке ашырууга жыл сайын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бюджетинен 300 миллион сом каралат.

Долбоордун алкагында бул жардамды алууну каалаган жакыр жашагандар бир үй-бүлөгө 100 000 сомго чейин бир жолку социалдык жардам алышат. Алардын эмгекке жарамдуу жарандары үчүн жаңы жумуш орундарын (же өз алдынча иштөө шарттарын) түзүүнү каалаган ишкерлерге бир жолку кайтарымсыз сумма берилет", - деп жазылат долбоордо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
16.06.2019. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн соонун болот эле.
16.06.2019. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Анда деле байлар аз камсыз болгон үй-бүлөө болуп чыга келишет
ziash85 түзөттү 2019-06-16 12:57:08
16.06.2019. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ziash85,ооба туура айтасын байлар тараткандардын оздорунун туугандары ака чуколору алаттда кобунчосу
16.06.2019. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми жакшы нерсе кен бир жагынан
16.06.2019. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай документтер керек.
16.06.2019. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Улукбек кочкоров молодец бул деле сиздин демилгениз болсо керек
16.06.2019. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аида касымалиеванын меенети дайым жаш балдардын камын ойлойт.
17.06.2019. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шарттарына жакыр үй бүлөөлөр туура келбейт ошондо да, тааныш билиштер туура келип калат да, көрөбүз го((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: