Бишкекте эки унаа сүзүшүп, эки айдоочу жабыркады
Бүгүн, 16-июнда Бишкек шаарындагы Москва менен Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаа сүзүштү. Бул тууралуу Бишкек Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы таңкы саат 5:00 чамасында болгон. "Субару Форестер үлгүсүндөгү автоунаа Москва көчөсү менен чыгыш тарапты көздөй бара жатып Эркиндик проспектисине жеткенде Хонда Жаз үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Мындан улам эки айдоочу жабыркап, алар ооруканага жеткирилди. Ал эми унаа айып короосуна токтотулду. Бул иш Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.
Бишкекте эки унаа сүзүшүп, эки айдоочу жабыркады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.