Моника Беллуччинин 14 жаштагы кызын апасына окшоштурушууда



Кино жылдыздар Моника Беллуччи менен Венсан Касселдин 14 жаштагы кызы Дева Касселдин сүрөтү коомчулукка жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Деваны Dolce & Gabbana брендинин көргөзмөлөрүнүн биринде байкашкан.
Маалыматка ылайык, жаз мезгилинде Дева аталган бренддин расмий жүзү болгон. Күйөрмандар анын апасына окшоштугун баса белгилешүүдө.
Моника Беллуччи - дүйнө жүзүнө белгилүү болгон "Сулуулук дүйнөнү сактап калат" аттуу ураандын автору, италиялык актриса, модель. Аны күйөрмандарынын көбү сулуулуктун эталону деп эсептешет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
-1

Кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган! Порталдын эрежелерин сактаңыз! Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк БАНга!