super.kg logo
  Саясат  

150 миң долларды мыйзамсыз ээлеп алды делген Икрамжан Илмияновдун иши боюнча тергөө аяктады

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 10-июндагы тергөөнүн жыйынтыгында Илмиянов Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалып, андан кийин тергөө аягына чыккандыгы жарыяланды. Илмиянов алдоо жолу менен 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча шектелүүдө. Азыркы учурда ал жана анын жактоочусу козголгон ишинин материалдары менен таанышып жатат.

Былтыр Икрамжан Илмияновго УКМК тарабынан "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Илмиянов Орусиядан кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: