super.kg logo

Көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан түрк актёру Бурак Өзчивит жана башка атактуулар Аталар күнүндө балдарынын сүрөтү менен бөлүштү

 

Жыл сайын дүйнөдө Аталар күнү июнь айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Быйыл бул күн 18-июнга туура келди. Аталар күнүндө атактуулар атасын, балдарын куттуктаса, айрымдары алгачкы жолу баласынын сүрөтүн жарыялады. Сиздерге жылдыздардын куттуктоосунун топтомун сунуштайбыз.

Улуу Британиянын ханзаадасы Гарри жана жубайы Меган Маркл Инстаграмдагы үй-бүлөлүк баракчасына уулу Арчинин (толук аты-жөнү Арчи Харрисон Маунтбаттен-Винздор) сүрөтүн жарыялап, "Аталар күнү менен!" деп жазган.

Ал эми атактуу түрк актёру, 2003-жылдын "Түркиянын мыкты модели" наамынын ээси Бурак Өзчивит социалдык тармактагы баракчасына кызыктуу сүрөт жүктөгөн. Анда актёр баласы экөөнүн муштумун түйүп турган сүрөтүн жарыялаган. Сүрөткө "Уулум" деген билдирүү жазылган.

Малайзиянын мурдагы падышасы Мухаммад V`ке турмушка чыккан "Москва сулуусу-2015" сынагынын жеңүүчүсү Оксана Воеводина Аталар күнүндө уулунун сүрөтүн биринчи жолу көрсөттү.

Ал эми атактуулар аталарын куттуктоону дагы унутушкан эмес. Украинанын жаңы президенти Володимир Зеленский өлкөдөгү бардык аталарды куттуктаган. Аны менен катар ата-энесинин сүрөтүн жарыялап, атасына каалоо-тилегин жазган.

"Бүгүн аталар күнү. Бардык аталарды бүгүнкү күн менен куттуктайм! Атам Александр Семеновичти дагы куттуктайм! Ата, сен менин кадыр-баркымсың. Мындан кийин дагы ошол орунда болосуң. Дайыма ден соолукта бол. Өзүңдү жана апамды ая. Мен силерди жакшы көрөм", - деген ал.

Англиялык белгилүү футболчу Дэвид Бекхэм дагы наристе кезинде атасынын колунда жаткан сүрөтү менен азыркы учурдагы сүрөтүн жарыялап, "Ата, мен сизди аябай жакшы көрөм" деген.

Америкалык супермодель Жижи Хадид кичинекей кезинде атасы менен чогуу түшкөн сүрөтүн Инстаграм баракчасына жүктөгөн. "Ата, мен сизди жакшы көрөм. Бир туугандарым үчүн чоң рахмат! Бардык балдарыңды дайыма шыктандырып келгениң үчүн рахмат!" - деген билдирүүсүн калтырган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
17.06.2019. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бизде да ушу майрамды майрамды майрамдашыбыз керек. Аталарды да өзүнчө бир күнү көңүл бөлүп куттуктасак аябай сүйүнүп калышмак. Аталарыбыз бар болушсун!!!
17.06.2019. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Makul, кошулам. Мен биринчи уктум аталар куну бар экенин. Алар да мактоо́го татыктуу. Мисалы,менин атам. Асыл адам эле
19.06.2019. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
HanTegin,дуйнодогу эн асыл,кучтуу,бакытымдын тору болгон Атам эле...( 3 жылдан бери "эле" деген соз бизге жармашты да калды.Атакебайым,акылманым сиз жок жашоого уйрондук,ордун толгус экен,сендей эч ким боло албайт Атакем...((((
18.06.2019. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аталар күнун белгилеш керек.Аталар аман болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: