Дагы бир кыргыз бөбөк Максим Галкинди таң калтырып келди





Орусиянын "Биринчи каналы" аркылуу көрсөтүлгөн Максим Галкиндин "Баарынан мыкты" берүүсүнө Кыргыз өлкөсүнөн Султай Чыңгыз аттуу бала катышып келди. Ал катышкан берүү кечээ, 16-июнда теле аркылуу элге көрсөтүлдү.
Султай Чыңгыз - 6 жашта. Ал телеберүүгө Бишкектен атасы менен кошо барган. Максим Галкин Султай менен маектешип отуруп, ал канча жашынан баштап шахмат ойной турганын сурады. Султайдын айтымында, ал 4 жашынан бери шахматка кызыгып ойноп келет. Ал бул спорттун түрүн үйрөтүүнү атасынан суранган. Берүү учурунда Султайдын атасы Чыңгыз анын жетишкендиктери тууралуу айтып берди. Телеберүүнүн алкагында Султай белгилүү советтик жана орусиялык кинорежиссёр Юлий Гусман менен шахмат ойноп, аны жеңип алды.
Буга чейин да аталган телеберүүгө Кыргыз өлкөсүнөн барып катышкан таланттуу бөбөктөр болгон.
Кичинекей бийчи Нурпери Тургуналиева берүүгө 6 жашында, 2017-жылы катышып келген. Ал ошол жылдын 8-октябрында элге көрсөтүлгөн. Ушул эле жылы Кыргыз өлкөсүнүн Жалал-Абад шаарынан барган Нурмухамед Ташмаматов да барып катышып келген видеосу көрсөтүлгөн. Ал нунчак менен кол ойнотуп, Брюс Ли, Жеки Чан, Жет Ли сыяктуу актёрлор кайталаган трюктарды көрсөтүп берген.
Жаныбарлардын жаралышынан тартып, кантип өмүр сүрөрү, кайсы жандык каякта жашаары, дегеле курчап турган чөйрөдөгү жаныбарлардын дээрлик баары тууралуу билген Албан-али Алим уулу аттуу бөбөк 7 жашында, 2017-жылы Максим Галкиндин берүүсүнө барган. Кийинки катышуучу Мухаммад Али Хасанахунов америкалык актёр, режиссёр, каскадёр Жан-Клод Ван Даммды туураган. Видеону Орусиянын "Биринчи каналы" быйыл 21-апрелде эфирге чыгарган. Мухаммад Али Хасанахунов Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Таширов айылынан болот. Ал азыр 10 жашта.
6 жаштагы кыргыз шахматчы бала кинорежиссёрду жеңип койду








1 |