super.kg logo
  Спорт  

Америка Кубогу: Бразилия менен Уругвай ири эсепте жеңишке жетсе, Аргентина жеңилүү ызасын тартып калды

 

15-июнда Бразилияда Түштүк Америка футбол конфедерациясы тарабынан уюштурулган Америка Кубогунун тайпалык баскычы старт алды.

Мелдешке Түштүк Америка континентиндеги 10 өлкө жана конок катары чакырылган Азия футболдук конфедерациясынын курамындагы Япония жана Катар өлкөлөрү, жалпы 12 команда катышууда.

Алгачкы оюн талаа ээлери болгон Бразилия менен Боливия курама командаларынын ортосунда өтүп, талаа ээлери ири эсепте жеңишке жетсе, мелдештин дагы бир фаворити катары саналып, Лионель Месси баштаган Аргентина курамасы Колумбиядан жеңилип калды. Азиянын чемпиону Катар курамасы Парагвай менен 2:2 эсебинде тең чыкса, Уругвай Эквадорду 4:0 эсеби менен жеңип алды. Ал эми Перу-Венесуэла беттеши 0:0 эсебинде аяктаса, 1-турдун жыйынтыктоочу Япония-Чили беттеши 18-июнда таңкы саат 5:00дө башталат.

1-турдун жыйынтыктары:

Бразилия-Боливия 3:0.
Голдор: Фелиппе Коутиньо 50-53-мүнөттөрдө, Эвертон Соареc 85-мүнөттө.

Венесуэла-Перу 0:0.

Аргентина Колумбия 0:2.
Голдор: Роджер Мартинес 71-мүнөттө, Дуван Сапата 86-мүнөттө.

Парагвай-Катар 2:2.
Голдор: Оскар Кардосо 4-мүнөттө, Дерлис Гонсалес 56-мүнөттө, Алмоез Али 68-мүнөттө, Хуан Родриго Рохас 77-мүнөттө (автогол).

Уругвай-Эквадор 4:0.
Голдор: Николас Лодейро 6-мүнөттө, Эдинсон Кавани 33-мүнөттө, Луис Суарез 44-мүнөттө, Артуро Мина 78-мүнөттө (автогол).

Япония-Чили -:-
Беттеш 18-июнда өтөт.

Мелдештин жадыбалы:

А тайпасы:

Бразилия - 3 упай,
Перу - 1 упай,
Венесуэла - 1 упай,
Боливия - 0 упай.

В тайпасы:

Колумбия - 3 упай,
Парагвай- 1 упай,
Катар - 1 упай,
Аргентина - 0 упай.

С тайпасы:

Уругвай - 3 упай
Чили - 0 упай,
Япония - 0 упай,
Эквадор - 0 упай.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
17.06.2019. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Аргентинага шанс бар дагы группадан чыкканга.
17.06.2019. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Япония менен Катар эмне жүрөт?
17.06.2019. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
AsiaBoy,приглашения кылган эле оюнга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: