Бишкектин мэри жаңы конуштардагы жол куруу иштери менен таанышты
1-августта Бишкектин мэри Иса Өмүркулов бир катар жаңы конуштарда курулуп жаткан жолдордун абалы менен таанышып чыкты. Жолугушууда шаар башчысы курулуш иштерин толук кандуу жана сапаттуу жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди. Чортеков көчөсүнүн Түштүк магистралдан Муромская көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты мэр. Жолдун узундугу 2,5 чакырым, туурасы 18 метрди түзөт. Ак-Өргө конушунда курулуп жаткан жолдун узундугу 800 метрди, туурасы 7,6 метрди түзөт. Мындан сырткары Келечек жаңы конушунун Борбордук көчөсүндө курулуш иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

Рейтинг:
0

