super.kg logo

Жалал-Абадда 17 жаштагы кызды сабаганга шектелип Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун "Бульдозер" каймана аттуу мүчөсү кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү колго түштү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган адам крим чөйрөдө "Бульдозер" каймана аты менен таанылган 35 жаштагы К.О. ИИМде Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо тургандыгы аныкталды.

"Ушул жылдын 17-май күнү Сузак РИИБине Базар-Коргон районунун 36 жаштагы тургуну А.Р. арыз менен кайрылган. Анда 1-май күнү саат 10:30 чамасында 17 жаштагы кызын чала тааныш болгон Сузак районунун Анара аттуу тургуну шериги менен Кара-Дарыя айылындагы адырга алып барып, сабап коюшканын айткан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү катары Сузак районунун 1984-жылы туулган К.О. аттуу тургуну кармалды. Ал 2012-жылы "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча соттолгону жана Ички иштер министрлигинде каттоодо турган Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, каймана аты "Бульдозер" экендиги белгилүү болду. Учурда катталган кылмыш иши боюнча Сузак РИИБи тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Анара аттуу тургун да кармалып тергөөгө өткөрүлгөн", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
17.06.2019. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Трактир эшак араба полный комлект кармагыла
17.06.2019. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
До того уже опустились
17.06.2019. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шерменде го жигитти намыс олтурот деген макалды унутуп калышкандай.
17.06.2019. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Булар барып алып дасторконун толтуруп сурот жуктошот экен да , анан турмодо болдум мен деп кран булдузор комбайн болуп элше залалын тийгизишет .
18.06.2019. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олуп кеткиле наадандар, олуп кеткиле дегенден башка соз жок силерге айбандар, 2012 жылы соттолсо эмнеге азыр боштондукта журот бул киши олтургуч, ким жооп берет эмнеге эрте эле чыгып кеткен турмодон, эмнеге бул зыянкечтенип воляда журот бул ит бардак кавардак кыргызстанда , эмне деген бордельный мамлекет биздин кыргызстан закон деген жок онолбойсунар эзелим онолбойсунар ушул кебетенер менен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: