super.kg logo

Казакстандык ырчы Say Mo Тиматинин чакыруусун четке какты

 

"Песни на ТНТ" долбоорунун катышуучусу казакстандык ырчы Say Mo Тимати жетектеген Black Star менен кызматташуудан баш тартты. Бул тууралуу казак ырчысы социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.

"Расмий түрдө кайрылуу жасагым келет, мен эркин артистмин! Black Star лейблга чакыруу үчүн рахмат! Мен мындан аркы чыгармачылык жолумду өзүм курууну чечтим. Рахмат сиздерге", - деп жазылат кайрылууда.

Ырчынын көптөгөн күйөрмандары бул чечимин колдогонун билдирсе, кээ бири "чакырууну кабыл алганың жакшы болмок" деген пикирин билдиришкен.

"Сен азаматсың! Күчтүү чечим", "Эмне үчүн баш тарттың? Жок дегенде бир жыл иштесең болмок", "Менин оюмча долбоорго катышуунун башкы максаты лейблга өтүү, эми түшүнүктүү ал нерсе сеники эмес экен ийгилик!" - деп жазышкан күйөрмандар.

Say Mo "Песни на ТНТ" сынагынын жарым финалына чейин жеткен. Күйөрмандар анын сахнада өзүн алып жүрүүсүн америкалык рэп аткаруучу Карди Биге окшоштурушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: