Ысык-Көлдө жайлоодо күйөөсү аялын чабандан кызганып, аны атып салганы айтылууда
Ысык-Көлдө жайлоодо жаран аялын чабандан кызганып, аны атып салган. Бул туралуу социалдык тармактардын бирине Акыл Сатыбалдиев аттуу колдонуучу жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя кечээ, 16-июнда болгон.
"Кечээ бизде кайгылуу окуя болду. Күйөөсү аялын малчысынан кызганып мылтык менен атып салыптыр. Деги адамдар эмне болуп баратат?" - деп жазган интернет колдонуучу билдирүүсүндө.
SUPER.KG порталына облустук милициядан саат 16:00 чамасында "тоодон адам өзүн-өзү атып алды" деген билдирүү түшкөнүн жана учурда окуянын чоо-жайы аныкталып жатканын маалымдашты.
"Окуя болгон жер алыс болгондуктан унаа барбайт, байланыш да тартпайт экен. "Өзүн-өзү атып алды" деген билдирүү түшөөрү менен оперативдик топ жөнөп кеткен. Учурда милиция кызматкерлери жеринде иш алып барууда. Кийинчерээк толук маалымат берилет", - деп билдиришти милициядан.

Саламатсызбы! Бул маалыматты Ысык-Көл облусттук Ички иштер бөлүмү таратты.
Тоңдо кызганычтын айынан аялын өлтүрүүгө шектелген жаран камакка алынды https://www.super.kg/kabar/news/274563/