super.kg logo
  Саясат  

Таласта кайрымдуулук марафону уюштурулуп, 1 миллион 794 миң сом чогулду

 

Талас облусунда “Бүгүн бөбөктөргө кам көрүлүүсү- келечекте бардык багытта өлкөнүн өнүгүүсү” деген чакырыкта кайрымдуулук марафону өтүп жатат. Бул тууралуу 2-августта өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара облус башчы Койсун Курманалиеванын демилгеси менен уюштурулду. Максаты - 3 миллион сомго сатыкка коюлган "Талас алко" ишканасынын 2 кабаттуу имаратын элдин жардамы менен сатып алуу болуп саналат. Имаратта бала бакча кылуу пландалууда. Белгилүү болгондой, саат 13.00гө чейин 1 миллион 794 миң 604 сом акча чогулду.  Ал эми жеке ишкер Күрүчбек Дөөлөтбеков жеке өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн атынан марафондун кутучусана 100 миң сом салганы айтылды. Айта кетсек, учурда облуста 20 бала бакча иштейт. Быйыл 10дон ашык бала бакча пайдаланууга берилерин билдиришти өкүлчүлүктөн.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: