super.kg logo

Суданда болуп жаткан башаламандыктардан кеминде 19 бала каза болду

 

Африкадагы Судан өлкөсүндөгү башаламандыктар уланып жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, толкундоолордон улам ондогон адамдар каза болгон.

"Өткөн жылдын декабрь айында башталган нааразычылык акциялары өлкөнү 30 жыл башкарган президент Омар аль-Башир кызматынан алынганына карабай уланып жатат. Ата-энелер балдарын көчөгө чыгаруудан коркуп калышты. Аскер адамдарынын көчөгө чыккандарды күч менен басуу аракетинен улам кеминде 19 бала каза болду.

Бийлик толугу менен аскердик күчтөрдүн колуна өтүп, нааразычылык акцияларына чыккан элге аёосуз күч колдонулуп жатат. Буга карабай оппозиция демонстрацияларын улантууда. Өлкөдө социалдык тармактар толугу менен өчүрүлдү, ал эми байланыш каржаттары көпчүлүк аймактарда үзгүлтүккө учурады," - деп жазылат маалыматта.

Судан өлкөсүндө нааразычылык акциялары өткөн жылдын 19-декабрында башталган. Экономикалык кризиске кабылган өлкөдө нандын жетишсиздиги пайда болуп, баасы 3-4 эсеге өсүп кеткен. Буга байланыштуу нааразы болгон эл демонстрацияларды уюштуруп, жыйынтыгын аскердик төңкөрүш жолу менен ушул жылдын 11-апрелинде президент Омар аль-Башир кызматынан алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
18.06.2019. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Америка тынч жаткан өлкөнү Египетке окшотуп "Военный перевород" кылып бийликти алып максатына жеткени калыптырда. Түркияда дагы, Гюлен деген акшнын агенти дал ушул тактикада "Военный перевород" жасап максатына жетпей калды эле. Кайсыл өлкөдө "Военный перевород" болсо ошол жерде акшнын колу болот. Сириянын абалына түшүп калуудан Кудай сактасын Суданды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: