Максим Галкинди таң калтырган Султай Чыңгыздын апасы: "Уулубуз тажрыйбалуу шахматчылар менен ойносун деп АКШга келгенбиз"









Максим Галкин алып баруучулук кылган Орусиянын "Биринчи каналынын" "Баарынан мыкты" берүүсүндө Кыргыз өлкөсүнөн барган кичинекей шахматчы Султай Чыңгыз аттуу баланын катышуусундагы чыгарылыш 16-июнда теле аркылуу элге көрсөтүлгөн.
Бул көрсөтүү тартылып жатканда Султай 6 жашта болсо, азыр 8 жашта. Учурда Султай ата-энеси менен АКШда жашайт. Кичинекей жылдыздын апасы Самара Турганбаева SUPER.KG порталына маек курду.
- Самара айым, уулуңуз "Баарынан мыкты" телешоусуна кантип катышып калды?
- Султай Румынияда өткөн шахмат боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышып, өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу байгелүү 3-орунду багындырган. Андан кийин эле бизге Максим Галкиндин шоусуна катышууга сунуш түшкөн. Биз дароо эле макул болуп, атасы менен 2017-жылдын август айында Москвага барып тартылып келген. Ошол видео эки жылдан кийин эфирге чыкты. 2 жыл көп эле убакыт, эфирге чыкпай калды го деп күтпөй деле калганбыз. Анан эки күн мурда Москвадан бизге байланышка чыгып, "ушул жекшембиде балаңыздын катышуусунда чыгарылыш эфирге чыгат, көрүңүздөр" деп айтышты.
- Султайдын шахматка шыгы бар экенин канча жашында байкадыңыздар?
- Биздин үч балабыз бар. Эң улуусу Султай, андан кийин Амира, Аделя аттуу эки кызыбыз бар. Уулубуз төрт жашында таята-таенесинин үйүндө атасы таякелери менен шахмат ойноп жатканда көрүп, "мага да үйрөткүлө" дептир. Бала деп көңүл бурбай койсо кыйнай баштайт. Атасы үйгө келгенден кийин шахматты үйрөтүп баштаган. Султайдын кызыгуусу аябай күч болчу, улам-улам "ата, мага үйрөт, мен да ойнойм" деп сурана берчү. Ошондон кийин шаардагы шахмат клубдарынын бирине берип окутуп баштаганбыз. Үйдөн атасы экөө күн сайын машыгып, жаңы шахматтарды, шахмат китептерин, шахмат сааттарын жана башка шахматка байланыштуу буюмдардын баарын сатып берип кызыгуусун дагы да күчөткөнгө аракет кылган. Төрт ай окуп үйрөнгөндөн кийин эле жыл сайын өтүүчү Шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин кубогуна катышып, 2-орунду багындырды. Андан соң уулубуздун шахматка шыгы бар экенин байкап, мындан да көбүрөөк машыгуусуна шарт түзүүгө аракет кыла баштадык.
- Канча убакыттан бери АКШдасыздар? Жер которууга эмне себеп болду?
- Биз 2018-жылдан бери жолдошумдун жумушуна байланыштуу АКШнын Виржиния штатынын Виенна деген шаарында жашайбыз. Султай бул жакта 3-класска барат. Бул жакта мектепке 6 жашынан баштап баргандыктан 8 жаштагы балдар 3-класста окушат экен. Бишкектен 1-классты бүтүргөнбүз анан 2-классты окубай эле 3-класска отурду. Азыр англис тилин жакшы өздөштүрүп, жакшы жетишкендиктерди көрсөтүп жатат. Өзгөчө математика сабагынан "эң мыкты" деген баага окуп жатат. Биздин бул жакка келгенибиздин эң негизги себеби - Султайга эң мыкты гроссмейстер таап, уулубуздун күчтүү машыктыруучулар менен машыгып, тажрыйбалуу атаандаштар менен ойноосун кааладык. Америкада дүйнөнүн булуң-бурчунан келген күчтүү шахматчылар бар. Күчтүү атаандаштар менен ойноп, деңгээлин көтөрөлү дегенбиз. Азыр Султай жумасына эки жолу машыктыруучу менен шахмат оюнун ойноп, машыгат. Бир айда бир ирет мелдештерге катышып турат. Мелдештер биздегиден такыр башкача өтөт экен. Ошого карабай алдыңкы орундарды камсыздап, бизди кубандырып жатат.
Апасынын жанында отурган Султайды да кепке тарттык.
- Султай айтсаң, шахмат сага эмнеси менен жагат?
- Кандайсыздар? Мен бул жерден көп жолу жеңүүчү болдум. Ошол үчүн мага шахмат жагат (ред. апасы "Султай негизи көп сүйлөбөйт" деп кошула кетти).
- Чоңойгондо кайсы кесиптин ээси болгуң келет?
- Чоңойсом шахмат боюнча Дүйнө чемпиону болсом дейм. Шахматтан сырткары футболго да кызыгам, ойногонду жакшы көрөм. Мессидей белгилүү футболчу да болгум келет.
- АКШ жагып жатабы? Кыргыз өлкөсүнө келгиң келеби?
- Ооба, Америка жагып жатат. Кыргыз өлкөсүнө баргым келет. Ал жакта таене-таятам жана досум Султан бар.
- Самара айым, демек, Султайга шахматка кызуугу атасынан өткөнбү же сиз да шахмат ойноп каласызбы?
- Шахмат ойногонду үйрөнүп баштаганына 2-3 ай болгондо атасын жеңип баштады. Кийин олуттуу атаандаш менен ойногусу келип кызыксыз болуп калган. Бирок мыкты шахматчы болуусуна түздөн-түз колдоо көрсөтүп, себепкер болгон атасы. Мен болсо кээде эле ойноп коём.
- Туулган жерге, Кыргыз жергесине качан келели деп жатасыздар?
- Мекенибизге 2020-жылы баралы деген оюбуз бар, бирок бул нерсени атабыз чечет. Мүмкүнчүлүк болору менен баралы деп жатабыз. Туугандарыбызды, мекенибизди аябай сагындык.
Максим Галкинди таң калтырган Чыңгыз Султайдын апасы менен маек








1 |