super.kg logo
  Саясат  

"Эшик ачык". Алмазбек Атамбаев аны кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын отурумуна чакырылды

 

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өтүүдө. Жыйынга комиссиянын курамына кирген 12 депутаттан 9у катышууда.

Комиссиянын төрагасы депутат Каныбек Иманалиев жыйын ачык өтүп жатканын баса белгилеп, ага катышууну каалаган бардык каалоочуларга мүмкүнчүлүк берилгенин айтты.

"Комиссиянын бүгүнкү отуруму саат 12ге чейин ачык өтүп, саат 12:00дө жабык эшик артында корутунду кабыл алынат. Мен кечээ да айткам, бүгүн да кайталайм: Алмазбек Атамбаев өзү же анын өкүлү келип катышам десе, эшик ачык. Жыйынга катышууну каалагандардын баары келсе болот", - деди Иманалиев.

Кечээки отурумда Алмазбек Атамбаевге 9 оор кылмыш боюнча айып тагылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: