super.kg logo

Таиландда оюнга көз каранды болуп калган адам интернетти өчүрүп койгон ата-энесин ууландырууга аракет кылган

 

Таиланддын Сисакет провинциясынын тургуну интернеттен оюн ойноосуна тоскоол болгон үй-бүлөсүн ууландырууга аракет кылган. Мындай маалыматты Daily Mirror басылмасы жазды.

29 жаштагы киши апасы жана өгөй атасы менен чогуу жашашкан. Ал интернеттеги оюндарды көп ойногондуктан түнү да колунан телефон түшпөй, үнүн катуу чыгарып алып ойной берген. Үй-бүлөнүн тынчы кетип уктай албай жаткандыктан өгөй атасы үйдүн интернетин өчүрүп койгон. Өгөй баласы буга ачууланып, аны менен айтышканда атасы чаап жиберген.

Буга ачууланган 29 жаштагы жаран үй-бүлө суу алып ичкен кудукка өсүмдүктөрдү зыянкечтерден тазалоочу химикатты куюп, ата-энесин ууландырууну чечкен. Бактыга жараша, апасы суу алганы барып, өзгөрүүнү байкап калган. Мындан улам үй-бүлө баласын дарылатууну чечишкен.

"Ал телефон менен өтө көп ойнойт. Ошол себептен да балам стресске кабылышы мүмкүн. Өзү чоң эле киши болгондуктан аны токтотуп, акыл айтууга да мүмкүн эмес. Ошол себептен ага адистер гана жардам бере алат деп үмүттөнөм", - деген апасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.06.2019. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Барыбыз интернетке коз каранды болуп баратабыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: