super.kg logo

Жалал-Абад ооруканасында 13 күн комада жатып чарчап калган 2 жашар кыздын апасы тосмо арыз жазды

 

Жалал-Абадда 7-май күнү оор жаракаттары менен ооруканага түшүп, 13 күн эсине келбей жатып чарчап калган кыздын апасы милицияга тосмо арыз жазып берди. Маалыматты Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, кыздын апасы өзүнүн өгөй апасына 2 жашар кызын таштап, Орусияга иштеп кеткенде кырсык болгон. Жабыркаган кыздын өгөй таенеси анын ойноп жатып тепкичтен кулап кеткенин айткан. Кыз ооруканага оор жаракаттары менен барып, 13 күн эс-учун билбей жатып, 20-майда чарчап калган.

"Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Кыздын апасы тосмо арыз жазды. Себеби ал ата-энесинин үйүнөн башка бара турган туугандары жана жашай турган жери жоктугун айтты. Ошондой эле кыздын апасына кошуналары кыз чындап эле жыгылып кеткенин, аны өгөй таенеси жакшы эле карап жүргөнүн айтышкан. Мындан улам келин тосмо арыз жазууну туура көргөн окшойт. Ал арызында кийин дагы кызын бул үй-бүлөгө таштап, Орусияга иштеп кетиши мүмкүн экенин жазган. Бул тосмо арыз ачылган ишке тиркелет, бирок эч кандай иликтөөгө таасир бербейт. Бул факты менен иш тергеле берет. Ушул жылдын июнь айынын жыйырмасынан кийин даярдалган экспертизалардын калган жыйынтыгы чыгат. Андан ары иштин чоо-жайы белгилүү болуп, сотко жөнөтүлүп тергөө башталат", - деди басма сөз кызматы.

Окуянын чоо-жайы:

7-май күнү Сузак районундагы айылдардын биринен 2 жаштагы кыз оор абалда ооруканага келип түшкөнү белгилүү болгон. Бул окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБи кылмыш ишин ачкан. Кыздын абалы өтө оор деп бааланып келген. Анын апасы Орусияда иштеп жүргөн. Ал эми кичинекей кызды апасынын өгөй энеси карап жатканы айтылган. Кыздын атасы кыздарына келип кабар албай турганын кыздын апасы айтып чыккан болчу. 20-майда оор абалда жаткан кыз чарчап калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
18.06.2019. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ХХХХХХХХ экинчи кызынды да ХХХХХХХХХХ, огой эне жон эле кутулуп кетиптирда ее, кошуналарын тастыктабай талада калышсын аларга эмне, вообше жок закон справедливость деген кгда, ХХХХХХХ элесинер
Модератор admin_media түзөттү 2019-06-18 14:22:33
18.06.2019. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушинте берсек Кыргызстанда эч качан тартип орнобойт, кээ бироолор законду уруп да ойнобойт. Эмнеге укук коргоо органдары аягына чейин иш алып барбайт.
18.06.2019. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Былжырап атып экинчисин да жоготуп ал эми,эмне эле былжырайт нервти кашайтып бири олсо,бир эле кызы калды,кучагына кысып алып келе бербейби россияга дагы эле огойдун уйундо отура бербей
18.06.2019. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Jasa,обаа ошондой чужой адамдын нервин кашайтат , ит эле экен энеси, эне болбой олсун, дагы экинчи кызын таштап кетем дегени эмнеси, энелик укуктан ажыратыш керек бул аялды,
18.06.2019. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иш болсо Кыргызстан да эле журот элек, Кыздын энеси чын эле кыжырдантат экен
19.06.2019. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ene bolgucha kara jerge korbeisinbi ushul ene degen naamga tatyktuu emessin.Atasy kayakta kaldy munun atasyga dagy naalat.Ushundailar ga kudaiym bala berbeile koiboibu.Balaga zar bolup jurgondor kancha
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: