super.kg logo

Бишкекте 7 жашар кызды өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

 

Бишкекте 7 жаштагы кызды өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, окуя 17-июнда саат 20:30 чамасында Каралаев көчөсүндө орун алган.

"Ауди ТТ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Каралаев көчөсү менен чыгыш тарапты көздөй бара жатып С.А. аттуу кызды сүзүп алган. Окуя болгондон кийин унаа башкарган адам изин жашырып качып кеткен. Ал эми жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон. Ыкчам тергөө амалдарынын натыйжасында шектүү катары 23 жаштагы М.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Унаа айып аянтчасына токтотулуп, чогултулган материалдар Бишкек ШИИББинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - дейт басма сөз кызматы.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, 297-берененин (автотранспорттук каражаттарды колдонууда коопсуздукту сактабоо жана эрежелерди бузуу) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.06.2019. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өлтүрө сүзүп дегиле,кулака жаман угулат экен
18.06.2019. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каралаев көчөсү түндүк менен түштүккө гана жүрөт го. Тактап жазсаңар боло чыгышка капталы менен жүрөбү?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: