super.kg logo
  Саясат  

Саясий серепчи Шерадил Бактыгулов Райымбек Матраимовдун тегерегиндеги окуянын өнүгүүсү кырдаалды курчутуу процесси экенин айтты

 

Бүгүн 24.kg маалымат агенттигинде саясий серепчилер катышкан тегерек стол өтүп жатат. Анын жүрүшүндө саясий серепчи Шерадил Бактыгулов "Матраимовду көздөй сокку урулуп жаткан учурда өлкөнүн азыркы жетекчилигин мээлеп жатышат" деп билдирди. Бул тууралуу аталган агенттик жазууда.

Бактыгуловдун айтымында, Райымбек Матраимовдун тегерегиндеги окуянын тез ылдамдыкта өнүгүүсү өлкөдө эмне болуп жатканы тууралуу ойлонууга түртөт. Саясий серепчинин баамында азыр мамлекетте кырдаалды курчутуу процесси жүрүп жатат. "Райымбек Матраимовго карата ар кандай мамиле кылууга болот. Бирок бүгүнкү күндө түндүк жана түштүккө бөлүү максаттуу түрдө болуп жатканын аңдоо керек. Буга жол бербөө зарыл. Азыркы тапта ар кандай маалыматтардын чыгып жана тарап жатышы - бул кландарды бири-бирине тукуруу жүрүп жатканынын белгиси", - деди ал.

Шерадил Бактыгуловдун айтымында, Райымбек Матраимовго байланыштуу окуя коомчулук пикирге адам укугу эмес, бута керектигин көрсөтүүдө. "Коррупция бүгүн саясаттын куралы болуп жатат. Андыктан мыйзам боюнча жасалган ар бир аракет кыжырды жаратууда. Саясий толкун саясатчыларга керек болуп жатканы менен, мындай кырдаал жыйынтыгында туңгуюкка алып келет", - деди Шерадил Бактыгулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: