super.kg logo
  Саясат  

3-7-август күндөрү Бишкек менен Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

 

Электр тармагындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 3-августтан 7-августка чейин саат 09:00дан 17:00ге чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. 3-августта  борбордогу Абдрахманов, Таалай, Бакаев көчөлөрүндө, “Көлмө” конушундагы Республика, Козу-Баглан, Алтын-Бешик көчөлөрүндө электр жарыгы болбойт. 5-августта шаардын Москва көчөсүндө, Арча-Бешик конушунда, Чүй районунун  Биримдик, Сайлык, Жаңы-Чек, Жаңы-Турмуш, Кош-Коргон, Кара-Дөбө, Искра айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт. Ал эми 6-7-августта Сокулук районуна караштуу Манас, Ак-Жол, Раздольное айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт.           






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: