Францияда УЕФАнын мурдагы президенти Мишель Платини кармалды
Францияда УЕФАнын мурдагы президенти Мишель Платини кармалды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазууда.
Белгилүү болгондой, Мишель Платини 2022-жылы футбол боюнча Дүйнө Чемпиондугун өткөрүү үчүн Катар өлкөсү тандалганы боюнча ачылган иштин негизинде кармалган. 63 жаштагы Платинини полициянын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнө жеткиришкен.
Буга чейин Платини Дүйнө чемпиондугу өтүүчү өлкөнү тандаганга бир нече күн калганда Катар өлкөсүнүн Футбол федерациясынын президенти менен Швейцарияда жолуккандыгы белгилүү болгон. Ошондой эле Платини бул жолугушууга ошол кездеги Франциянын президенти Николя Саркозинин өтүнүчү менен жолуккандыгы айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.