super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча 8 этаптын ичинен бешинчисине жеттик"

 

Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу Кыргыз өлкөсүнүн эле эмес КМШ өлкөлөр арасында да биринчи жолу болууда. Депутаттык комиссия бул маселеде юристтер жана эксперттер менен кеңешти. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда комитет жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирди.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет жыйынында депутат билдиргендей, экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу үчүн 8 этаптан өтүү керек.

“1-этап демилгечи топтун кайрылуусу;

2-этап профилдик комитеттин корутундусу;

3-этап комиссиянын түзүлүшү;

4-этап атайын комиссиянын чечими профилдик комитетке алынып келинет;

5-этап комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин жыйынында каралат;

6-этап Башкы прокуратуранын укуктук баасы;

7-этап Башкы прокуратура берген укуктук баа Жогорку Кеңештин жыйынында каралат;

8-этап бул Жогорку Кеңеш экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу же ажыратпоо чечимин кабыл алуусу.

Учурда биздин комиссия бул көрсөтүлгөн этаптардын ичинен бешинчисине келди”, - деди депутат.

Буга чейин 13-июнда Жогорку Кеңеште экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Бул сунушту 96 депутат колдоп, 4 депутат "каршы" деген добуш берген болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: