super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз Премьер-Лигасы. 10-тур. "Алай" клубу чемпиондуктун сап башын ээледи

 

Дем алыш күндөрү футбол боюнча өлкө чемпиондугунун 10-туру орун алды.

Бишкек, Кара-Балта жана Кант шаарларында өткөн беттештерде "Алай" клубу конокто "Алгадан" күчтүү чыкса, "Академия Лидер" өз талаасында "Абдыш-Атадан" жеңилди. Ал эми "Кара-Балта" - "Нефтчи" беттеши 1:1 эсебинде жыйынтыкталса, "Дордой" клубу АФК Кубогунун тайпалык баскычындагы оюндарга катышып жатканына байланыштуу "Илбирске" каршы беттеш кийинкиге жылдырылды.

Жыйынтыгында, "Алай" клубу 25 упай менен чемпиондуктун сап башына жайгашса, "Дордой" 22 упай менен 2- орунга түштү. Ал эми "Кара-Балта" жана "Академия Лидер" клубдары 4 упай менен Премьер-Лиганын 7-8-орундарына жайгашты.

Беттештин жыйынтыктары:

15-июнь:

"Алга" - "Алай" - 0:1

Голдор: Чыңгыз Субанов, 89-мүнөттө.

16-июнь:

"Академия-Лидер" - "Абдыш-Ата" - 1:2

Голдор: Мурас Ниязалиев 40-мүнөттө, Атай Жолдошбеков 69-мүнөттө, Асылбек Исаков 95-мүнөттө.

"Кара-Балта" - "Нефтчи" - 1:1

Голдор: Манас Карипов 85-мүнөттө, Рустам Майрамбек уулу, 90-мүнөттө.

10-турдан кийинки Кыргыз Премьер-Лигасынын жадыбалы:






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.06.2019. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Былтыры очкосун алып салып чемпиондукту адилетсиз алып коюшту эле Алайдын колунан. Быйыл кайра эле алдыңкы орунга чыгып алыптыр, дагы чемпион болушатко эгерде эле чыдабастык кылып, Салымбековдун акчасынын күчү менен быйылда очкосун тартып алып койбосоңор эле)).
19.06.2019. 06:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
JENTLEMAN, туура. Анысы аз келгенсип Алия Силланы 10 оюндан четтетип кетирип тынышты эле Кожо Жоел сазайын берип атат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: