super.kg logo

Айыл чарбасын реформалоо боюнча кеңешме өттү

 

Бүгүн, 19-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарбасын реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчыга жазгы-талаа иштеринин жүрүшү, жеңилдетилген насыя аркылуу айыл чарбасын каржылоо жана лизингге айыл чарба техникасын берүү программаларын ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымдалды. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев премьер-министрге башкаруу түзүмдөрүн реформалоо, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана тышкы рынокко сатуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү каралган өзүнүн программасы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жайларын өнүктүрүү, кыргыз айыл чарба продукциясын илгерилетүү, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттоо, ошондой эле агрардык өнөр жай комплексин санариптештирүү боюнча чараларды ишке ашыруу иштин артыкчылыгы болуп саналат.

Мухаммедкалый Абылгазиев элеттин эмгекчилеринин министрликтин дарегине айткан сын-пикири жөндүү экенин айтты.

"Калктын 70 пайызы айыл жеринде жашайт дейбиз, демек, айыл чарбасын реформалоо жана агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүү жарандарыбыздын көп бөлүгүнүн жашоосуна түздөн-түз таасирин тийгизет. Бирок көп жылдар бою айылдагы элибиз өзү менен өзү болуп, талыкпаган эмгеги менен гана бардык кыйынчылыктардан өтүп келди. Бүгүнкү күнү өкмөт таасирдүү чараларды ишке ашырууга максатталган жана бул үчүн маанилүү жыйынтыктарга жетишип, Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө айыл чарба продукцияларын экспорттоо маселеси принципиалдуу түрдө чечилди. Тагыраагы биздин айыл чарба товарларыбыз үчүн бардык чек аралар ачылды. Насыяга бөлүнгөн каражаттардын көлөмүн көбөйтүү жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо чаралары көрүлүүдө. Муну менен катар биз финансы мекемелеринин алдына конкреттүү милдеттерди койдук. Алар айыл чарбасын өнүктүрүү шарттарын түзүп жана берилген насыяларды пайдаланууну дыкат талдоо жүргүзүүгө бардык күчүн жумшоого тийиш", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча премьер-министр айыл чарба тармагын реформалоо боюнча таасирдүү механизмдерди иштеп чыгуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: