super.kg logo

Түп районундагы муздаткычтын ичинде калып каза болгон эки баланын видеосун таратып жиберген милиция кызматкерлерине эскертүү жана сөгүш берилди

 

Түп районундагы Михайловка айылында муздаткычтын ичине камалып калып каза болгон балдардын видеосун таратып жибергендер аныкталып, кызматынан эскертүү жана сөгүш алышты. Белгилүү болгондой, балдарды муздаткычтан алып чыгып келе жатканда видеого тартып алып, аны социалдык тармактар жана мессенжерлер аркылуу таратып жибергендер милиция кызматкерлери болушкан. ИИМдин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, алгач аларды издөө иштери жүрүп, ички кызматтык иликтөөдөн соң видеого тартып алган кызматкерлер аныкталган.

"Видеону кызматкерлер иштеген ишине байланыштуу керектүү материал иретинде жана профилактикалык иш максатында эмес, жөн эле тартып алышканы аныкталды. Алардын жоопкерчиликсиздигинен жана шалаакылыгынан укук коргоо кызматкерине тийиштүү эмес, жат иш-аракет жасалган. Милиция кызматкерлеринин үстүнөн мындай абал учурунда жетекчилик тарабынан тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзүлбөгөнү аныкталды. Мындан улам кызматкерлердин профессионалдык деңгээлин жогорулатуу үчүн тиешелүү иш-чаралар жасалып турушу керектиги боюнча эскертүү берилди.

Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин этикасы боюнча кесиптик Кодекстеги дисциплинардык уставдарды бузганы үчүн Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн бир катар кызматкерлерине дисциплиналык тартипте чаралар көрүлдү. Анын ичинен Түп РИИБинин аймактык тескөөчүсү Ж.Ч.га кызматтык жоопкерчилигин аткарбаганы үчүн эскертүү берилсе, ушул эле РИИБде иштеген аймактык тескөөчү С.К.га катуу сөгүш берилди", - деди басма сөз кызматы.

Окуянын чоо жайына-кайрылсак:

3-июнь күнү саат 11:55 чамасында 4 жана 6 жаштагы эки бир тууган үйдүн короосунда ойноп жатып дайынсыз жоголуп кетишкен. Мындан улам балдардын ата-энеси милицияга кайрылып, аларды издөө иштери кечке чейин улантылган. Болжол менен саат 17:00дө үйдүн короосунда турган эски муздаткычты ачып көрүшкөндө балдар муздаткычтын ичинде болгон. Алар ойноп жатып муздаткычтын ичине камалып калып, тумчугуп калышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
19.06.2019. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Эмнеге менин оюмча туура эле кетирген. Ата Энелер кичине сак болуп калышсын дегендей эле ойдо кетирген бул видеону менин оюм кайра согушун алгыла да грамота бергиле милиция негизи эл менен тыгыз болуш керек кайра иликтеп чыккыла.Мен мисалы туура эле кабыл алгам
zhykyo түзөттү 2019-06-19 11:15:54
19.06.2019. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
zhykyo, сөзсүз видеого тартып элге жайылтуу максат эмес. Өзүңдүн башыңа түшкөндө түшүнөсүң кыскасы.
19.06.2019. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Defend.,тилегин тилегин жаман экен кичине маанисин тушунуп жазсан озундун башына келгенде тушуносун дебей эле койчу сенин башына да келбей эле койсун деп ошону тилейт элем
zhykyo түзөттү 2019-06-19 12:21:16
19.06.2019. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен мисалы энемин.Мага да ватсапптан жонотушкон экен,бирок коро албадым.Журогум ооруду окуп алып эле.Эч бир эненин башына салбасын мындай кунду.Кызматтык сыр,этиканы сактап жайылтпоо керек болчу.Эмне дейбиз,билими жок,этикадан алыс кызматкерлер иштеп жатышса.Окунучтуу....
19.06.2019. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Skarlett-Skarlett, айтпаңыз, мектепте окуган кызым да менин телефонумдан көрүп алып, түнү менен чочуп, уктай албай чыкты. Мен да өзүмдү күнөөлөп, көргөндөн кийин өчүрүп салсам болмок деп. Жүрөгүм ооруду((((
19.06.2019. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Согуш эле экен да кече эле чара корулот деп жатышат эле.
20.06.2019. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тообо жогоруда жалан лохтор отурабы?Жанагы атам тендуу милисия кишини жумушунан айдады элего болбогон эле нерсе учун!Бунун кылганынын астында ал ничево элего.Бул болсо адамдын кандай азап тартканын опоной сырттан тиктеп тартып туруп элге жайылтып жиберди.Ар бир адамдын оз укугу болот.Силердин кандай укунунар бар тартып жиберип коюууга?Ал деген эне деген байкуш журогу тилке-тилке болуп жатат орттонуп.Акмактар тарткыла мейли жумушунарга керек бирок элге жайылтбагыла.
Eli.91 түзөттү 2019-06-20 01:08:14
20.06.2019. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жоопко тартылышсын согуш менен кутулбай,энеси шок болуп эсине келе албай журсо булар беймерал видеого тартып жарушот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: