super.kg logo
  Саясат  

Президент ант берген өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнө: "Берген антыңарды жүрөгүңөргө сактап, аны күнүгө эстеп тургула"

 
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев.
Экономика министри Санжар Муканбетов.
Өкмөттүн аппарат жетекчиси, министр Самат Кылжыев.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Дастан Догоев.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев.

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү.

Анда айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, экономика министри Санжар Муканбетов, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Дастан Догоев жана өкмөттүн аппарат жетекчиси, министр Самат Кылжыев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы
Орозбек Опумбаев ант беришти.

Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты. "Урматтуу депутаттар, бүгүн сиздердин, президенттин, элдин алдында өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришти. Алардын өмүрүндөгү бүгүнкү маанилүү окуя менен куттуктайм. Ант - бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик. Берген антыңарды эч качан унутпай, жүрөгүңөрдүн түбүндө сактап, күнүгө эстеп, антыңарга бекем тургула", - деди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: