Эсептөө палатасынын төрагасы президенттин жана өкмөттүн аппараттарында да каржы тартибин бузуулар бар экенин айтты
Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын 2018-жылы аткарган иши боюнча маселе каралды.
"Эсептөө палатасы президенттин аппаратын, УКМК, өкмөттүн аппаратын дагы текшереби?" деп суроо салды депутат Ирина Карамушкина.
Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов: "Албетте, бирок айрым нерселерди ачыктай албайм. Мисалы, президенттин аппараты, УКМК, өкмөт жана президенттик аппарат башкармалыгы боюнча жашыруун материалдар бар. Текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын өз убагында Жогорку Кеңешке жана өздөрүнө жөнөткөнбүз", - деди Марипов.
"Бул органдарда каржы тартибин бузуулар барбы?" деди депутат.
"Өтө чоң эмес каржы тартибин бузуулар бар" деп кошумчалады Марипов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

