Депутат: "Каржы тартибин бузгандарды өз чөнтөгүнөн төлөтүү керек"
Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеӊеште Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы иши жөнүндө отчёту каралды.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Азамат Арапбаев финансылык тартип бузууларды кайра төлөтүү мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүрүп бир дагы аткаминер жоопкерчиликке тартылбаганын айтты.
"Каржылык тартип бузгандарды принципиалдуу түрдө өз чөнтөгүнөн төлөтүү керек. Антпесе мүнөздүү көрүнүшкө айланган мындай жагымсыз жагдайлар токтобойт", - деди Арапбаев.
Ал эми депутат Алмазбек Акматов бир катар жүйөлөрдү келтирүү менен Эсептөө палатасы тарабынан сапаттуу текшерүү жүргүзүү керектигин белгиледи.
Депутат Махабат Мавлянова: "Эсептөө палатасы каржылык тартип бузууларды эле текшерүү менен чектелбестен, анализ жүргүзүп, каржылык мыйзам бузууларды болтурбоо жаатында мамлекеттик органдарга укуктук-ченемдик актыларды чыгаруу жагынан көмөк көрсөтүүсү керек", - деди.






1 |